• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте акыркы коңгуроо бүтүрүүчүлөр үчүн гана кадимки форматта өтмөй болду

Билим 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы коңгуроо 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн гана кадимки форматта өтмөй болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлөт.

"Иш-чарага 1-класстын окуучулары катышпайт. Ортоңку жана 9-класстын окуучулары үчүн иш-чара онлайн-режимде өткөрүлөт. 25-майда мектептерге 11-класстын гана окуучулары келет", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек мэриясы акыркы коңгуроону бардык класстын окуучулары кадимки форматта өткөрүүнү пландап жаткандыгын билдирген.

Ошондой эле, бул жылы бүтүү кечелерин өткөрүүгө дагы тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий