• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте акыркы суткада 1 490 адамдан COVID табылган — мэрия себебин түшүндүрдү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы сутка ичинде 1 миң 490 адамдан коронавирус жаңы табылган.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, 30-июнга карата ооругандардын саны кескин көбөйгөн жок. Жалпысынан калаадагы абал туруктуу, бирок чыңалуу бойдон калууда.

«Мындай көрсөткүч Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда кармалып турган күмөн санаткан анализдердин жыйынтыгынын чыгышы жана айрым жеке лабораториялар бир нече күндүн жыйынтыгын бергендиги менен түшүндүрүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы борбордо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын эскертет жана шаардыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий