• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте акыркы жумада курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандар көбөйүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматы боюнча, акыркы жумада курч респиратордук вирустук инфекциялар(КРВИ) менен ооругандар көбөйүүдө. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова айтып берди.

Анын айтымында, быйыл 4-10-октябрь аралыгында 1710 КРВИ учуру катталса, 2020-жылдын ушул мезгилинде 901 катталган.

"2021-жылдын 11-октябрынан 17-октябрына чейинки мезгилде 2415 КРВИ катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде - 1027 учур катталган", - деди ал.

Бакытбүбү Шамырканова белгилегендей, балдар арасында КРВИ оорусунун көбөйүшү суук аба ырайына дагы байланыштуу.

Ошондой эле Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана ҮМБда акыркы жумада КРВИ боюнча кайрылуулардын саны 26,5%га өскөнү байкалган.

"Акыркы жумада 1761 бала Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын соматикалык бөлүмүнө кайрылышкан, анын ичинен 729 бала (41,4%) КРВИ симптомдору менен кайрылып, 54 бала ооруканага жаткырылган, пневмония менен 16 бала, 11 бала + курч ичеги инфекциялары менен жаткырылган", - деди ал.

Өткөн жуманын ичинде 1589 бала кайрылып, 50 бала ооруканага жаткырылган, анын ичинен 17 бала КРВИ белгилери менен, 24 бала пневмония менен, 9 бала пневмония менен + курч ичеги инфекциялары.

Анын маалыматына ылайык, өткөн суткада 250 бала соматикалык кабыл алуу аркылуу кайрылган, анын ичинен 13 бала ооруканага жаткырылган - 9 бала КРВИ, 4 бала пневмония менен.

Пикир

Оставить комментарий