• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте акысыз автобустар каттамын улантууда

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бишкекте маршрутканын айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

“№100 маршрут боюнча Ички иштер министрлиги, "Дордой" ассоциациясы тарабынан берилген автобустар жана ошондой эле "Алга" футболдук клубу тарабынан берилген 18 орундуу автобус катоосун жүргүзүүдө. Эл аралык "Манас" аэропортунан берилген автобустар №214 каттамда иштөөдө. “Мадина” базары эки автобус бөлүп берди, алар №211 маршрут боюнча убактылуу иш жүргүзөт. Сиздердин колдооңуздар үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле каттамга 110 автобус жана 141 муниципалдык троллейбус чыкты.

Мэриядан белгилешкендей, азыркы убакта шаардыктарга көздөгөн жерине жетүү кыйынчылык жаратууда. Райондук администрациялардын жардамы менен шаардыктарды акысыз ташууну уюштурдук, троллейбустар жана автобустар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жана маданият башкармалыгынын кызматкерлери шаардыктарды ташууга кошулушту.

Ошондой эле жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери “Тунгуч” кичи району – “Ак-Ордо” жаңы конушу схемасы боюнча каттап жатат.

Жалпысынан 25 унаа иштөөдө.

Бишкек мэриясы шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий