• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте акысыз Европа тасмалары көрсөтүлөт – дареги жана убактысы

Маданият 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Бишкекте 3 күн катары менен Европанын салттуу кино фестивалы өтөт. Бул тууралуу Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Австрия, Бельгия, Германия, Франция, Италия, Словакия, Словения, Испания, Латвия, Эстония жана Румыния өлкөлөрүнүн тасмалары тартууланат. Жалпы жонунан 11 кино орус тилиндеги субтитр менен көрсөтүлөт.

Тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында 28-31-октябрь күндөрү көрүүчүлөргө тартууланат.

"Кирүү акысыз, бирок кирүүдөн мурун акысыз билеттерди алып алыш керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий