• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте акысыз гала-концерт болот

Коом 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар. Бишкекте “Ачык асман алдындагы музыкалык кече- 2018” долбоорунун жыйынтыктоочу гала-концерти өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордук муниципалитет бишкектиктерди жана шаар конокторун 24-августта саат 18:00дө Курманжан Датка эстелигинин жанында өтө турган концертке чакырат.

Мэриянын колдоосу астында маданият башкармалыгы эстрада артисттери Динара Акулова, Баатыр Өмүрзаков, Съездбек Искеналиев, Кайрат Примбердиев, Адилет Азимов, Иса Өмүркулов, Максат Бегалиев, Ильяз Андаш, Бураш, Малика Дина, “Семетей” бий ансамблинин жана башкалардын катышуусунда чоң концерттик программа даярдаган.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий