• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Ала-Арча дарыясын жана дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Бишкекте ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды үйлөө, ошондой эле Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу

Азыр "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы кызматкерлери төмөнкү көчөлөрдө иштеп жатышат:

- Суворов көчөсү Гормолзоводдон ЗЧЧКга чейин;

- Витебская көчөсү Элебесов көчөсүнөн Арал көчөсүнө чейин;

- Фере көчөсү Мусоргский көчөсүнөн Сеченов көчөсүнө чейин;

- Фере көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Мусоргский көчөсүнө чейин;

- Боталиев көчөсү Семёнов көчөсүнөн Мусоргский көчөсүнө чейин;

- Залкар көчөсү Курский чолок көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин (ЧЧК жээги).

"Ала-Арча" дарыясы төмөнкү көчөлөр боюнча тазаланып жатат:

- Жаманбаев көчөсү;

- Л.Толстой көчөсү темир жолго чейин;

- И.Ахунбаев көчөсү А.Малдыбаев көчөсүнө чейин;

- Л.Толстой көчөсү Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин.

Жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери "Ак-Босого" конушунун Саадаев көчөсүн бойлото, Чүй 31 КЧКга чейин, профессор Зима көчөсү Чүй 57ден Саадаевге чейин жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий