• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бишкекте Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка ылайык, "112" кызматына Биринчи май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушуна жакын жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык катталган жерге Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы бөлүмдөн 4 куткаруучу жана кошумча Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында суучулдар тарабынан Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий