• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Ала-Арча суусунан адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндөгү Ала-Арча суусунан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген куткаруучулар суунун жээгинен эркек кишинин жансыз денесин аныкташкан. Жеринде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барышкан.

Пикир

Оставить комментарий