• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте ала качууга каршы флешмоб өттү

Коом 0


Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Борбордук аянтта “Биз, жаштар - кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!” аттуу флешмоб болуп өттү.

Иш-чара Билим берүү жана илим министригинин жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Enactus Кыргызстан уюму тарабынан уюштурулду.

Аталган флешмоб аркылуу КР студенттери кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экендиктерин билдирип чыгышты.

Акциянын катышуучулары эстафетаны башка облустарга да өткөрүп берүүгө ниеттенип жатышат.

Пикир

Оставить комментарий