• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Бишкекте алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогорудагы алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жерин аныкташып, кармашты.

Алдамчылык жөнүндө кылмыш ишинин алкагында Октябрь районунун сотунун токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун жашоочусу К. С.га карата издөө жарыяланган.

Ушуга байланыштуу ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандын кайда экендигин аныктоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнү кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий