• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте алдамчылык жолу менен 10 миң доллар акчаны ээлеп алган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бишкекте алдамчылык жолу менен 10 миң доллар акчаны ээлеп алган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына арыз менен 46 жаштагы жаран кайрылып, анда 2019-жылы Бишкекте чала тааныш адам ишенимге кирип, алдамчылык аракети менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген.

Шектүү жабырлануучуга экскаваторду сатып алууну сунуштап, алдын ала төлөм катары 10 миң долларын алган.

Ыкчам тергөө иш-чараларына ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тартылып, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жарандын өздүгүн такташкан. Шектүү Нарын облусунун Жумгал районунун 35 жаштагы С.М. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Шектүү кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий