• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Шаардык милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты.

Ленин райондук ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылы 1-февралда жазуу түрүндөгү арызы менен К.А. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылы февралда “пирамида” системасы боюнча акчасын үч эсе көбөйтүп берүүнү убадалап, 850 АКШ долларын алып, кийин өзүнүн милдеттерин аткарбай качып кеткен Г. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Ленин райондук ИИБ кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө жана издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган шектүү М.Г. кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда Ленин райондук ИИБге кармалган М.Г.ны дагы башка алдамчылыктары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча жазуу түрүндө 7 арыз түшкөн, учурда шектүү тарабынан келтирилген зыян аныкталып жатат.

Мындан тышкары, шектүү М.Г.нын башка да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча тиешелүү иликтөө иштери уналууда.

“Көңүл буруңуздар! Кылмышкердин кылтагына илинген же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү номерлерге чалып билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(709) 229-703, 0(707)32-931 и 102”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий