• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте алдамчылыкка шектелген 59 жаштагы аял изделүүдө. Сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Бишкекте алдамчылыкка шектелген 59 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, изделип жаткан аялдын аты Айнагүл. Ал 2011-жылы Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып берүүнү убада кылып, шаар тургунан 308 миң сом акча каражатып алып, качып кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучуга ири суммадагы зыян келтирилген. Ал милицияга кайрылып, тиешелүү чараларды көрүүнү суранган.

Аталган факт 2019-жылы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, негизги шектүү катары 1961-жылы Нарын облусунда туулган Айнагүл Жумабаева каралууда.

Шектүү жаран учурда издөөдө. “Бул жарандын кайда экендигин билсеңиз, анда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып коюңузду өтүнөбүз: (0312) 352632”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий