• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Бишкекте алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айында борбор калаанын тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2019-жылдын аягында бейтааныш адам өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге кирип ири суммадагы акча каражатын ээлеп алып изин жашырып кеткен.

Аталган факт Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Кылмышка шектүү адам криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгондуктан ИИМдин 3-башкармалыгынын (УБОП) ыкчам кызматкерлери бул ишти колго алышкан. Тергөө буйругунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 2021-жылдын февраль айынын аягында Бишкек шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган жаран А.К. кармалган.

Кармалган адам тергөөгө өткөрүлүп, баш коргоо чарасы соттун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндө тандалды. Алынган маалыматтарга караганда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий