• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте алдыдагы майрамдарга карата көчөлөрдөгү жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

Коом 0

Бишкек, 29.08.17. /Кабар/. Бишкекте Курман Айт майрамы күнү борбордук көчөлөрдөгү жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Шаардык ИИБнин берген маалыматы боюнча, 31-август КРнын Көз карандысыздык күнү жана 1-сентябрь Курман Айтта жол кыймылына чектөөлөр: Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөсү менен Эркиндик бульвары жана Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин киргизилет.

Андан сырткары, Көз карандысыздык майрамына карата даярдыкка байланыштуу Ала-Тоо аянтында 28-30-август аралыгында саат 18:00дөн 20:00 чейин унаа кыймылына чектөө киргизилмекчи.

Маалыматка ылайык, 30-августта Ала-Тоо аянтында майрамга карата даярдыкка байланыштуу, эртең мененки саат 10:00дөн 12:00 чейин жана 18:00дөн 20:00 чейин Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварынан чыгышка карай жана Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнөн батышка карай толугу менен жол кыймылына чектөө киргизилет.

Бишкек ШИИБси айдоочуларды жана шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий