• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте алкоголдук продукцияны лицензиясыз сатуу фактысы аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2020-жылдын 5-февралында Бишкек шаарында жайгашкан “Нур” супермаркетинен ишкердик ишке тийиштүү лицензиясы жок ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук продукцияларды сатуу фактысын аныкташты.

Белгилүү болгондой, супермаркет спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатууну жүргүзгөн, башкача айтканда, алкоголдук продукцияларды сактоого жана сатууга лицензиясы жок болгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ар кайсыл түрдөгү 438 бөтөлкө алкоголдук продукция табылды жана тартып алынды.

Пикир

Оставить комментарий