• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте алп акын Коргоол Досуевдин 140 жылдыгына арналган илимий-практикалык жыйын өттү

Маданият 0

Бишкек, 17.12.22. /Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада алп акын Коргоол Досуевдин 140 жылдыгына арналган илимий-практикалык жыйын болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, илимий-чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, манасчылар, акындар катышты.

“Коргоол атабыздын 140 жылдыгын жакында эле Токтогул районунда белгилеп келдик. Атабыздын неберелерине, урпактарына терең ыраазычылыгымды билдирем, Коргоол атанын атындагы көз кубана тургандай эң мыкты деңгээлдеги үй музейин ачыптырсыздар. Бүгүн мына илимий интеллигенция өкүлдөрүн чакырып, атайын конференция өткөрүп жатасыздар. Андыктан, бүгүнкү иш- чарага катышып жаткан обончу-композиторлордон суранат элем, Коргоол атабыздын ырларына обон чыгарсаңыздар, ырлары ырдалса, “Ак бакай” "Эски заман", чыгармаларынан кандидаттык илимий иш жазылса деген тилегим бар", - деди министрдин орун басары.

Алп акын Коргол Досу уулу 1882-жылы Токтогул районунда, Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. Атасы Досу комуз чаап, комузду мыкты чертсе, энеси Үпөл да өрөөндөгү жалпы элге таанымал кошокчу болгон.

Коргол акын жаш чагынан эле Токтогул акынды ээрчип, аш-тойго бирге барып жүргөн. Андан "Курманбек", "Жаныш-Байыш", "Кедейкан", "Нуржан" дастандарын, "Кыз кербез", "Шыңгырама", "Терс кайрыш" ж.б. күүлөрүн үйрөнүп, жогорку чеберчилик менен аткарган. Анын биринчи устаты Ныязаалы болсо, кийинки устаты Токтогул болуп, аны менен 17 жыл ээрчишип жүрөт, "Токтогул коруш болду сөзүмө, кош айнек болду көзүмө", "Токомдун жүрүп артынан, торгой болдум таңшыган" деп өз өмүрүндөгү анын ролун өзгөчө баалайт.

Пикир

Оставить комментарий