• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Алтай конференциясы башталды – чет өлкөлөрдөн 80 окумуштуу келди

Коом 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Дүйнөнүн төрт бурчунан 150 окумуштуу бүгүн башталган Эл аралык алтай конференциясына (Permanent International Altaistic Conference) катышуу үчүн Бишкекте чогулушту.

Талкуулардын салтанаттуу ачылышы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Андан соң иш-чара Ысык-Көлдөгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү жерде уланат.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, конференцияны өткөрүү көчмөн элдери чыдамсыздык менен күткөн иш-чарага жакын пландалган.

“Конференция алтай цивилизациясына, алтай тилдүү элдерге арналган. Менимче дүйнө жүзүнөн келген окумуштуулар тарабынан даярдалган аябай кызыктуу докладдар болот”, - деди ал.

Конференция президенттин аппараты, Билим берүү жана илим министрлиги, “Мурас” фонду жана башка уюмдар тарабынан уюштурулуп жатат. Ага жалпысынан 160 окумуштуу катышууда. Анын 80и чет өлкөдөн келгендер.

Талкуулардын жыйынтыгында алтай цивилизациясынын белгисиз тараптары тууралуу атайын жыйнак чыгарылат. Бишкекте аянтча 27-августтан 30-августка чейин ачык болуп, андан соң бардык катышуучулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына күбө болушат.

Пикир

Оставить комментарий