• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Алым Токтомушевдин элесине арналган кече өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.10.17. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте белгилүү журналист, публицист жана акын Алым Токтомушевдин элесине арналган кече өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара акындын 70-жылдык мааракесине арналып, бүгүн саат 15:00дө К.Молдокасымов атындагы Улуттук консерваторияда өткөрүлөт.

Эскерүү кечесинде Алым Токтомушевдин санаалаштары жана бирге иштешкендери сөз сүйлөшүп, студенттер анын чыгармаларын көркөм окуп, музыкалык номер коюшат.

Маалымат үчүн: Алым Токтомушев 1947-жылы Нарын облусунун Кайырма айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал бүт өмүрүн журналистикага арнап, “Кыргызстан маданияты” гезитинин бөлүм башчысы, “Асаба”, “Агым” жана “Жаңы Агым” басылмаларында саясий баяндамачысы болуп эмгектенген.

Алым Токтомушев акын жана котормочу катары да таанымал.

Ал 2014-жылы 67 жаш курагында дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий