• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте алыш күрөшү боюнча Гран-при сериясындагы эл аралык турнир башталды

Спорт 0

Бишкек, 17-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при сериясындагы эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, мелдештерде 8 өлкөдөн (Болгария, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Сербия, Тажикистан и Өзбекстан) 57 эркек жана 17 аял спортчу болуп жалпысынан 80ге жакын спортчу катышууда. Беттешүүлөр эркектер арасында эркин түрдө 6 салмак категориясында, аялдар арасында классикалык түрдө 5 салмак категориясында өтүп жатат.

Турнир Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигине караштуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын жана Кыргызстандын алыш күрөшү федерациясынын жетекчилиги алдында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий