• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте алыш күрөшү боюнча Гран-при сериясындагы Эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 17-мартта Баяман Эркинбаевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча Гран-при сериясындагы Эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге өлкөнүн аймактарынан келген балбандардан тышкары, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, Молдова, Россия, Иран, Индонезия, Болгария, Литва, Индия, Сербия, Германия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келишет.

Мелдештин алкагында спортчулар эркектер арасында 6 салмак категориянда эркин күрөш боюнча (60 кг чейин, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг жана 100 кг жогору); аялдар арасында 5 категорияда классикалык түрдө (55 кг чейин, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг жана 75 кг) жеңиш үчүн беттешишет. Турнир алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү жана коомдук ишмер Баяман Эркинбаевдин элесине арналган.

Эскерте кетсек, турнирдин алкагында 14-15-мартта судьялык семинар өтөт.
Эл аралык турнирди өткөрүүгө Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 1 млн 906 миң сом бөлүнгөн.
Уюштуруучулары: Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын Алыш федерациясы.

Пикир

Оставить комментарий