• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте алыш күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында алыш күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алыш күрөштүн эркин жана классикалык түрүндөгү мелдеш 20-21-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан 250 балбан катышты. Күрөш таймашы Азия, Дүйнө, Көчмөндөр оюндары жана башка чемпионатка катышуу үчүн улуттук курама команда түзүү максатында өткөрүлдү.

Эркектер 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг жогору салмакта, кыз-келиндер 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг жогору салмакта күчүн сынашкан. Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль жана дипломдор менен сыйланышкан.

Пикир

Оставить комментарий