• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте алыш күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 5-6-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Анда республиканын жети облусунан, Ош жана Бишкек шаарларынан спортчулар катышат. Мелдеш эл аралык күрөш федерациясынын эрежелери боюнча аялдар жана эркектер арасында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул чемпионат Ысык-Көл облусунда 2нен 8-сентябрь күндөрү өтө турган III ДКОна карата биринчи тандоо болуп саналат.

Мелдеш алты салмактык категория боюнча өтөт:

- Эркектер арасында эркин стиль (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг ашуун) жана аялдар арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг ашуун);

- Эркектер арасында классикалык стиль (60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, 100 кг ашуун) жана аялдар арасында (55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 75 кг ашуун).

Республикалык чемпионаттын уюштуруучулары - улуттук спорттун түрү боюнча дирекциясы.

Пикир

Оставить комментарий