• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эркек жана кыз-келиндер арасында алыш күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, мелдеш 20-21-февралда өтөт. Чемпионатка 18 жана андан жогорку жаштагы спортчулар алыш күрөшүнүн эркин жана классикалык түрлөрү боюнча күч сынашат.

- Эркектер арасында (эркин жана классикалык түрү) 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

- Кыз-келиндер арасында (эркин жана классикалык түрү) 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Мелдеш Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курама командасын түзүү үчүн өткөрүлөт. Кийин алар Азия, дүйнө, эл аралык чемпионаттарга жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат.

Пикир

Оставить комментарий