• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте англис тил курсу: Айына 360 сом

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. / Кабар/. Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы Жаштар борборунда Англис тил клубу иштеп, анда окуу акысы 360 сомду түзөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, курстар ыктыярчылар тарабынан өткөрүлөт. Учурда эки топ тил үйрөнүп жатат: жаңы баштагандар (дүйшөмбү, шаршемби) жана улантып жаткандар (шейшемби, бейшемби). Ишемби күндөрү (мүмкүнчүлүк болгондо) talking club өткөрүлүп турат.

Сабактар 1 саат 30 мүнөткө созулуп, саат 15:00-16:30 аралыгында өтөт. Айына окуу үчүн 360 сом төлөнөт.

"Жашоосунда оор учурга туш болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн окуу акысыз", - деп билдиришти агенттиктен.

Окууга жазылуу:

+996 770 807 085 – Жаштар борбору;

+996 708 490 929 – Ангелина.

Пикир

Оставить комментарий