• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте англис тили боюнча алгачкы ирет инновациялык олимпиада өттү

Коом 0


Бишкек, 08.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте англис тили боюнча алгачкы ирет инновациялык олимпиада өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, олимпиада 3-4-апрелде борбор калаадагы “Газпром” борборунда өткөрүлдү.

Нет описания.

“Инновациялык олимпиаданы англис тилин үйрөтүүчү Steppe Learning KG курсу менен биргиликте өткөрдүк. Ага мектептин 8-11-класстын 40 окуучусу катышты. Алар буга чейин райондук жана шаардык олимпиаданы жеңген. Мелдеш үч этапта жүрдү. Алгач окуучулар эссе жазса, андан кийин комьютердик тесттен өткөн. Соңунда баарлашуу болду”, - дейт ал.

Иманалиева инновациялык ыкма менен окуган балдардын тил үйрөнүүсү алда канча алдыга озуп чыкканын айтат.

Steppe Learning KG тил үйрөтүүчү курсунун директору Айнура Сагынбаева аталган олимпиаданы Нарын жана Караколдо өткөрүү боюнча мэриядан кайрылуу келип түшкөнүн маалымдады.

Нет описания.

“Инновациялык олимпиаданы жеңгендер бүгүн сертификаттарды алышат. Ошондой эле 40 окуучуга бир ай акысыз негизде англис тилин окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал балдарга АУЦАнын алдындагы инновациялык колледжге окууга арзандатуулар берилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий