• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте англис тили мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Борбор калаанын англис тили мугалимдери үчүн “Окуучулардын англис тили сабагындагы мотивациясын жогорулатуу” аттуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №64 мектеп-гимназиясынын англис тилдүү педагогикалык жамааты башка мектептердеги кесиптештерине чет тилин окутуунун жаңы ыкмаларын айтып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык сабактарды өткөрүштү.

Талкуу жана талдоо учурунда көптөгөн мугалимдер көрсөтүлгөн ыкмалар жана ресурстар алар үчүн таптакыр жаңы жана кызыктуу болгонун билдиришти.

Белгилей кетсек, семинарды борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий