• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте “Антиконтрафакт” эл аралык форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” X мааракелик эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналган.

Быйылкы жылдын негизги урааны: “Жаңы чакырыктар – контрафакт менен күрөшүүнүн жаңы механизмдери!”. Бизнес-программада 12 талкуу сессиясы (анын ичинде жаштар сессиясы) камтылган, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү; дары-дармектердин, БАК жана медициналык буюмдардын онлайн-соодасы темалары козголот; интеллектуалдык менчик, курулуш материалдарын, китеп сатуу, тамеки жана никотин камтыган продукциялардын рыногу тармагында IT-технологияларды колдонуу маселелери каралат.

Форумдун милдеттеринин арасында: ЕАЭБ мыйзамдарын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүү; ЕАЭБде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо механизмдерин, продукциянын шайкештигин тастыктоо жана продукциянын сапатын натыйжалуу контролдоо боюнча аспаптарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; товарлардын жүгүртүүсүн идентификациялоо жана көзөмөлдөө максатында инновациялык технологияларды киргизүү, маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ишинин маалыматтык ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу.

Форумдун уюштуруучулары: КР Министрлер кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы, “Антиконтрафакт” эл аралык ассоциациясы.

Форумдун оператору: КР Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент).

Пикир

Оставить комментарий