• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Апа, мен сени жакшы көрөм” аттуу кайрымдуулук концерт жана медициналык акция өтөт

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. 17-мартта саат 17:00до Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Апа, мен сени жакшы көрөм” аттуу кайрымдуулук концерти жана медициналык акциясы өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эне-баланы коргоо улуттук борбору өткөрүүдө.

Концерттин катышуучулары – белгилүү искусство ишмерлери, кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана башкалар.

“Медициналык акцияда артериалдык кан басымды, кандагы кантты текшертип, УЗИ-диогностикадан акысыз өтүүгө жана акушер-гинекологдон консультация алууга болот”,-деп айтылат билдрүүдө.

Чогулган каражатты эне-баланы коргоо улуттук борбору борбордун аймагындагы балдардын ойноо аянтын түзүүгө жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий