• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте араб тилиндеги “Кыргыз-Кувейт байланыштары” китебинин бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Ормушев Асан Сулаймановичтин «Кыргыз-Кувейт байланыштары» китебинин араб тилине которулган басылмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу окуу жайдын уюштуруу тобунан билдиришти.

Илимпоз-тарыхчынын араб тилине которулган китеби 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы саясий, экономикалык, илимий жана билим берүү багыттарындагы кызматташуусунун жүрүшү архивдеги тарыхый булактардын негизинде жазылган. Бул китептен окурман Кыргызстан жана Кувейт мамлекетинин кыска тарыхын, маданиятын, саясий жана экономикалык абалы боюнча маалымат ала алат.

Китептин экинчи бөлүгүндө КР менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык алакалар, алгачкы эки тараптуу келишимдер, мамлекет жетекчилеринин расмий сапарларындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр,макулдашуулары жөнүндө кеңири чагылдырылат.

Өзгөчө Кувейт фонду тарабынан КР берилип жаткан женилдетилген насыялар, гуманитардык жардам тууралуу дагы маалыматтар камтылган.

Китептин үчүнчү бөлүгүндө Араб мамлекеттеринин ичинен эң алгачкылардан болуп Бишкек шаарында ачылган Кыргыз-Кувейт университетинин жаштарга татыктуу тарбия жана билим берүүдөгү ийгиликтери баяндалат. Автордун пикиринде: «Кувейт мамлекетинин кайрымдуулук коомунун толук каржылоосу менен курулган окуу жай Кыргызстандык жаштарды дүйнөлүк стандарттык окуу программасы менен окуп билим алууга, кыргыз, орус, араб, англис тилдерин тез арада үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк алышына шарт түзгөн университет болуп эсептелет.

Чыгыш университетинин бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө КР Президентинин Администрациясында, КР Өкмөтүндө, КР тышкы иштер министрлигинде, Эл аралык уюмдарда,чет өлкөдөгү университтерде, мектептерде, банктарда, укук коргоо органдарында, илимий тармактарда, бизнесте ишкерлүү эмгектенүүлөрү жөнүндө кеңири баяндалган.

Китептин аягында эки өлкөнүн Парламенттери тарабынан кабыл алынган келишим ж.б документтери тиркелген. Китептин араб тилине которулушу эки мамлекеттин ортосундагы достуктук кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө шарт түзмөкчү. Араб тилине которулган китеп китепканаларга, окуу жайларга жана Араб мамлекеттерине таратылып берилет.

Автор жөнүндө

Ормушев Асан Сулайманович – тарых илимдеринин доктору, профессор .М.М.Б атындагы Чыгыш университетинин ректору (2000-2011-ж.ж), ректордун кеңешчиси (2011-жылдан азыркы күнгө чейин). 20дан ашык илимий китептин, окуу куралдардын, 200гө жакын илимий макала, публицистикалык макала, тарыхый-документалдуу фильмдердин жана республикалык деңгээлдеги театралдашкан оюндардын сценарийдин, концепциялардын, жоболордун автору. КР эл агартуусунун отличниги, КР маданиятынын мыктысы, КР журналистер Союзунун мүчөсү, Ч.Айтматов атындагы коомдук Академиянын академиги.

Автордун эмгектери: араб, түрк, англис, фарс, орус тилдерине которулган.

Пикир

Оставить комментарий