• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте арстандын баласы менен сейилдеп жүргөн адамды Маминспекция жана милиция издөөдө

Коом 0

Бишкек, 30.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция арстандын баласы менен Бишкекте сейилдеп жүргөн адамды табууда көмөк көрсөтүү үчүн милицияга кайрылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аппарат жетекчиси Максат Өмүров билдирди.

Анын айтымына караганда, кожоюндар табылаары менен бардык документтер текшерилип, жоголуп кетүү коркунучунда турган жапайы жаныбардын өлкөгө алып кирүү жана алып чыгуу жактары текшерилет.

Эске сала кетсек, интернет айдыңында эки күндөн бери арстандын баласы менен түшкөн сүрөттөр жарыяланууда.

Маалыматка ылайык, жапайы жаныбар менен сүрөткө түшүүнүнүн акысы 200 сом турат.

Пикир

Оставить комментарий