• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте арзандатылган баада көмүр сатуучу дагы бир жай ачылды

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси, 306/2а дарегинде көмүр сатуучу кошумча жай ачылды, ал жерден көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон алууга болот. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин КР президенти Садыр Жапаров Кара-Кеченин көмүрүн арзандатылган баада сатууну уюштурууну тапшырган.

Калктын көмүргө болгон суроо-талабы жогору болгондуктан, арзандатылган баада көмүр сатуучу кошумча жай ачуу чечими кабыл алынды.

Буга байланыштуу Бишкекте арзандатылган баадагы көмүр төмөнкү даректерде сатылууда: Бишкек шаары Мурманск көчөсү 1Б/1, Дэн Сяопин проспектиси, 306/2а.

Пикир

Оставить комментарий