• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борборунун залында кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция жана 5 томдук тандалмалар жыйнагынын бет ачары өтүүдө.

Конференцияга акындар, жазуучулар, филологдор, тилчилер жана башкалар катышууда.

Илимий-практикалык конференцияда академик, филология илимдеринин доктору Абдыганы Эркебаев кыргыз акынынын 5 томдук чыгармасы чыккандыгына абдан сыймыктанаарын белгиледи.

"Азыр китеп аз окулуп жаткан учурда мындай 5 томдуктун чыгышы жакшы болду. Мен абдан сыймыктанам. Асан Жакшылыков өзүнүн өмүрүндө көптөгөн эксперимент жасаган жазуучу. Мекенчил, ой чабыты терең, ал туулган жерден тарта космоско чейинки окуяларды жазган адам. Ошондой эле, ырынын түзүлүшү жана инсандык сапаты менен айырмаланган инсан", - деди Эркебаев.

Ал эми, Асан Жакшылыков 5 томдук китебин 20 жыл аралыгында топтоп, жазып келгенине токтолду:

─ 1999-жылы алгачкы 5 томдугум жарык көргөн. Андан кийин 20 жыл өтүп кетиптир, ошол аралыкта бир топ эмгектерим жарыяланды. Ошолорду карап чыксам 2 томум поэзия болуп калды. 1 томду орусчага котордук. 3 жана 4 томду "Залкарлар жана замандаштар" деп кыргыз элине кызмат кылган адамдар жөнүндө жаздым. Акыркы том учкул сөздөр жана макал-лакаптардан турат. Азыр Москва жана Түркияда боло турган жолугушууга даярданып жатабыз.

Жакшылыков белгилегендей, 5 томдук китеп 2 миңге чукул нуска менен жарык көрдү.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору Абдылдажан Акматалиев, Жакшылыковдун чыгармаларын жөнөкөй окурмандар түшүнө бербээрин айтат.

"Асан Жакшылыковдун "Асан чакырык" деген китебине баш сөз жазып бергем. Ал китепте акын, жазуучулардын пикирлери камтылган. Жакшылыковдун чыгармачылыгы туурасында айтсам ал акын, жазуучу, драматург, публицист жана эссе жазган ар тараптуу адам. Көбүнчө философиялык чыгармаларды жазат. Жөнөкөй окурмандарга аны түшүнүү кыйынга турат", - дейт Акматалиев.

5 томдуктун автору шайыр, алдыга максат койгон, өтө өжөр, кылам дегенин жасай турган адам экенин Акматалиев кошумчалап кетти.

Маалымдама үчүн: Асан Жакшылыков кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акындардын Бүткүл дүйнөлүк Конгрессинин мүчөсү, маданияттын жана искусствонун Бүткүл дүйнөлүк академиясынын мүчөсү, коомдук ишмер, Кыргыз патенттин автордук кеңешинин, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучулар союзунун поэзия борборунун жетекчиси. Акынга К. Скрябин атындагы Агрардык университетинин “Ардактуу доктору”, Чүй университетинин доктор наамы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “Акыйкат” төш белгиси, Республикалык “Саякбай” фондунун медалы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий