• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Аскер институтунун түзүлгөндүгүнүн 81 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун түзүлгөндүгүнүн 81 жылдык маарекеси белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Аскер институтун жетектеп кеткен ардагерлер жана Аскер институтунун өздүк курамы катышты.

Иш-чара Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбековдун эстелигине гүл чамбарларды коюу менен башталып, келген конокторго аскер институту тууралуу фильм көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда коргоо министри кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчыларына ведомстволук грамоталар менен сыйлады.

Маараке концертик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий