• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте аскер институтунун жаш жоокерлери салтанаттуу ант беришти

Коом 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда КР Куралдуу күчтөрүнүн К. Усенбеков атындагы аскер институтунун окуу процессин камсыздоо батальонуна күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин аскердик ант берүү салтанаттуу аземи өттү.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар үч жуманын ичинде Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлер жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтүшүп, күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окушуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүртү жана өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Азем жаңы Мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады

Пикир

Оставить комментарий