• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте аскер-патриоттук ырлар сынагынын гала-концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Эртең, 24-мартта К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында “Жоокер ыры” аскер-патриоттук ырлар сынагынын гала-концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Гала-концерттин алкагында патриоттук ырларды аткарууда өзүнүн чеберчилигин көрсөткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Иш-чаранын соңунда “Жоокер ырынын” лауреаттары чыгышат.

Сынактын тандоо баскычы Кыргыз улуттук консерваториясында өттү.

50 миң сом көлөмүндөгү байге фонду “Аскер ыры” жана "Патриоттук ырлардын” ортосундагы 2 наамга бөлүндү.

1-орун – 10 миң сом;

2-орун – 6 миң сом;

3-орун – 4 миң сом.

Иш-чараны КРнын мамлекеттик коргоо комитети жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий