• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ат минүү боюнча шаардык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Бишкектин “Күлүк” спорт мектебинде ат минүү боюнча шаардык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге жалпысынан 20 жуп катышты.

Турнир жыл сайын өткөрүлүп, балдар арасында ат спортун кеңири жайылтуу, ошондой эле чоңдор категориясында эң күчтүү спортчуларды аныктоо жана апрель айында Ташкентте өтө турган эл аралык мелдешке катышуу үчүн негизги команданы түзүү максатында уюштурулуп келет.

“А” байге:
- 1-орунга Алина Халова "Барон" аттуу аргымагы менен;
- 2-орунду Ловчева Эвелина "Византия" аттуу аргымагы менен;
- 3-орунду Кузлякина Вероника "Юрий-Бойко" аттуу аргымагы менен.

“Б” байге:

- 1- орунду Екатерина Киселева "Жизель" аттуу аргымагы менен;
- 2-орунду Алина Халова "Барон" аттуу аргымагы менен;
- 3-орунду Кузлякина Вероника "Жизель" аттуу аргымагы менен.

"Лакосте" аттуу ат минген Лещинская Анастасия 65,771% упай менен жеңүүчү деп табылды. Экинчи сапта Дана Новицкая ("Сагитта"), Алуа Рустемова ("Византия") алдыңкы үчтүктү жапты.

Пикир

Оставить комментарий