• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ат оюндары боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-13-14-ноябрында «Күлүк» спорт мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке 30дан ашык спортчу катышат. Катышууга 10 жаштан жогорку балдарга, жаштар жана чоңдорго (эркектер жана аялдар) уруксат берилет.

Мелдештер Кыргыз Республикасында ат спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлөт.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы КР Ат спорту федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий