• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-3-октябрында "Күлүк" олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдешке 50дөн ашык спортчу катышат. 10 жаштан улуу балдарга, жаштарга жана чоңдорго (эркектер жана аялдар) катышууга уруксат берилет.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КР Ат спорту федерациясы уюштурууда.

Иш-чара өлкөдө ат спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Чемпионаттын ачылышы 2 -октябрда саат 10:00дө Элебесов көчөсү №204а дарегинде болот.

Пикир

Оставить комментарий