• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Ата-энелер лигасы” спорттук иш-чарасы аяктады

Спорт 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Бишкекте “Ата-энелер лигасы” спорттук иш-чарасы аягына чыкты,-деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ден-соолукту чыңдоо комплексинде “Ата-энелер лигасы” иш-чарасынын салтанаттуу жабылыш аземи болуп, волейбол боюнча эркектер арасындагы оюндун финалы жыйынтыкталды.

Финалдык оюнда 1 жана 2-орун үчүн “Айчүрөк” жана №94 мектеп-лицейлери ат салышкан.

Волейбол боюнча аялдар арасындагы жеңүүчүлөр:

1-орун - "Ак-Ниет",

2-орун - "Жасмин",

3-орун - "Лидер".

Эркектер арасында (волейбол);

1-орун - "Айчүрөк" лицейи,

2-орун - "№94" мектеп-лицейи,

3-орун - "№ 87" орто мектеби.

Футбол боюнча байгелүү орундарды алгандар;

1-орун- № 26 мектеп,

2-орун - № 65 мектеп,

3-орун - № 16 мектеп,

4-орун - № 70 мектеп.

Финалдык оюндун бардык катышуучулары медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий