• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте атактуу казакстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылат

Маданият 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Эртең, 7-августта Бишкекте казак сүрөтчүсү Куттыбек Жакыповдун “Улуу талаанын обону” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.

“Биздин маданий жашообузда чоң майрам. Себеби бизге Казакстандын белгилүү сүрөтчүсү Куттыбек Жакыпов келди”, - деп баштады өз сөзүн Юристанбек Шыгаев.

Казак сүрөтчүсү 1987-жылдан тарта СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. Анын эмгектери Москвадагы мамлекеттик музейде, Ашхабаддагы көркөм сүрөт музейинде, Казакстандын биринчи президентинин музейинде, Турциянын мамлекеттик музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн, чет өлкөлөрдүн галереяларында сакталган.

“Эртең боло турган көргөзмөсү быйылкы Көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Эртең саат 16:00дө улуттук музейде ал өзүнүн жеке көргөзмөсүн ачат. Жыйынтыгында ал музейдин алтын фондуна өзүнүн эмгектеринин бирин калтырат”, - деди Шыгаев.

Өз кезегинде иш-чаранын коногу Жакыпов кыргыз жергесине келгендиги үчүн кубанычта экенин айтып, эмгектери көчмөндөрдүн жашоосуна арналганын билдирди.

“Биздин ата-бабаларыбыз “алаша”, “килем”, “кийиз басу” жана башка өнөрлөр менен алектенген. Биз азыр аларды заманбап түрүндө улантып жатабыз. Мен өзүм Казакстандын түштүк тарабынан болом. Апалар, кыздар “килем току”, “кийиз басуу” жасаган чөйрөдө чоңойгом”, - деди сүрөтчү.

Ал ар бир эмгегине 2-3 ай убактысын короторун кошумчалады.

Казакстандын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Нурлан Шилибаев көчмөн элдеринин салттары, жашоо образы бири-бириникине жакын болгондуктан, маданияттын арты менен элдер жакындашарын айтып өттү.

Чуйков атындагы кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын директору Настар Мамайдын айтымында, бул жыл Чыңгыз Айтматовго арналган чыгармачыл иш-чараларга бай болду.

“2-3 жыл мурун биздин студенттер искусствонун аталган түрү боюнча Казакстанда биринчи орунду алышкан. Биз Казакстандагы окуу жайлар менен тыгыз байланыштабыз”, - деди ал.

Жыйынтыгында Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылкычы Жакыпов кол өнөрчүлүк искусствосу чыдамкайлыкты талап кыларын белгилеп өттү.

“Сүрөтчүнүн эмгекке жөндөмдүүлүгү жоголбой, өлкөнүн жана элдин пайдасына иштей беришин каалайм”, - деди ал.

Көргөзмө эртең саат 16:00дө ачылып, 1-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий