• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Атамбаев менен Мирзиеевдин жолугушуусу аягына чыкты

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин жолугушуусу аягына чыкты.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын мамлекет башчысы мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанда жүрөт.

Сапардын алкагында эки өлкө президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эки тараптуу бир катар министрлер жана ведомстволор ортосунда документтерге кол коюлду. Анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эң башкы келишим да бар.
Бул документке эки өлкө башчылары кол коюшту.
Эртең, 6-сентябрда Мирзиеевдин премьер-министр Сапар Исаков жана ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий