• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте атамекендик жылдыздардын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте атамекендик жылдыздардын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу Дастанбек Жусупбеков билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызстандагы Гуд Нейборс Интернешнл» филиалы белгилүү артисттердин жана музыкалык топтордун катышуусунда ден соолугунун жана акыл-эсинин мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка оор оорулар менен ооруган балдар үчүн акча каражаттарын топтоо долбоорунун башталышы катары кайрымдуулук концертин уюштурууда.

“Учурда материалдык жана башка жардамдарга муктаждардын тизмеси такталып, толукталууда”, - деди Д.Жусупбеков.

Кеченин коноктору Мирбек Атабеков, Айым Айылчиева, «Нон стоп», Бегиш, Баястан, Жийдеш, Нурайым Азыкбаева, Иса Өмүркулов, Кайрат Примбердиев, Адем, «Vip Dance» шоу баллети, Бишкек Сити оркестри.

«Гуд Нейборс Интернешнл» билим берүү, саламаттык сактоо, ичүүчү суу, гуманитардык жардам, санитария тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу жана демилгелөө менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий