• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча тегерек үстөл өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппаратынын кызматкерлери жана сот аткаруучулары үчүн тегерек үстөл өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек үстөлдүн ишине Франциянын эл аралык эксперттери: Мириам Зильберман, Париждин чоң инстанциясындагы сотунун төрагасынын орун басары; Элен Пекастэн-Кошар, «Дарикко-Пекастэн» конторасынын сот аткаруучусу, Париж, 18-округ; модератор катары сот адилеттигинин Жогорку мектебинин лектору Н. Асанова катышууда.

Тегерек үстөлдү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы А. Давлетов, сот адилеттигинин Жогорку мектебинин мүдурүнүн м.а. Р. Тургунбаева, «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси С. Кареклас жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн долбоорлорунун менеджери Н. Скарамуццо ачышты.

Тегерек үстөлдүн ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 16 судьясы катышууда.

Пикир

Оставить комментарий