• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте автобус жана троллейбустар 11-майдан тарта 07:00дөн 20:00гө чейин иштей баштайт – мэрия

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бишкекте автобус жана троллейбустар 11-майдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, алар эртең мененки саат 07:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.

"Кичи автобустар азырынча иштебейт", - деп билдирет мэрия.

Аны менен бирге мэриядан билдиришкендей, 11-майдан тарта жол кирени "Тулпар" карталары аркылуу төлөө да иштеп баштайт.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму накталай акчаны мүмкүн болушунча аз колдонууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий