Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Бишкекте автобус айдоочуларынын арасында рейд өткөрүлдү.
Текшерүү Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.
Рейд учурунда айдоочулардын жүрүм-турумуна, жол эрежелерин сактоого, автобустардын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурулду. Кабинадагы отургучтардын жана кармагычтардын абалы дагы текшерилди.
Жыйынтыгында жол эрежелерин сактабаган, эреже бузган автобус айдоочуларына чара көрүлөрү эскертилди.
Бишкекте автобустардын абалы текшерилди
01/02/23 17:30 250 кароо Коом 0
Пикир
Оставить комментарий