• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте автобустардын санитардык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасында кезектеги рейд болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө автобустардын абалы текшерилип, оңдоого муктаж болгон унаалардын тизмеси түзүлдү.

Тактап айтканда, салондун санитардык абалы, ошондой эле автобустун салонундагы отургучтардын жана кармагычтардын абалы, гигиена каражаттары жана беткаптар текшерилди.

Жол эрежелерин сактабаган жана автобусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүү берилди.

Пикир

Оставить комментарий