• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте “Автоледи-2018” сынагы өтөт. Жеңүүчүгө 500 литр күйүүчү май берилет

Коом 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. “Автоледи-2018” сынагынын жеңүүчүсү 500 литр күйүүчү май алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР ЖКККББнын өкүлү, сынактын координатору Атыркүл Бекмурзаева билдирди.

Анын айтымында, КР ЖКККББы INFOX маалыматтык борбору менен биргеликте үчүнчү жыл катары менен "Автоледи” сынагын өткөрүп келет. Сынак Эски аянтта 3-июлда өтөт.

Аталган сынактын башкы максаты – жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти бекемдөө, айдоочулук жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үндөө жана ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу.

“Автоледи-2018” сынагына тандоодон өткөн 10 кыз катышат. Бардыгы болуп дээрлик 60 билдирүү келип түшкөн.

““Автоледи-2018” башкы номинациясынан тышкары да башка номинациялар болот, алар тууралуу сынактын жүрүшүндө маалымдайбыз. Жалпы байге фонду INFOX компаниясы тарабынан берилген 500 миң сом. Ал эми “Бишкек петролиум” жеңүүчүгө 500 литр күйүүчү май алууга мүмкүндүк берген сертификат тапшырат”, - деп билдирди Бекмурзаева.

Пикир

Оставить комментарий