• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте автоунаа көп кабаттуу үйдү сүзүп алды (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Лермонтов-Ворошилов көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ, 13-февраль күнү саат болжол менен 22:00дөр чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, “Ниссан” үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай, №5 үйдү сүзүп алган. Кырсыктан айдоочу жана эки жүргүнчү кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Атаган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий